Мамлекеттик тил жана тарбия иштер боюнча проректорунун тил кунуно карата куттуктоо созу
Университеттин жашоосу 0 22 Сентябрь 2023

23-сентябрь Мамлекеттик тил күнүнө карата куттуктоо сөзү

Ата-бабадан калган улуу мурасыбыз, улутубузду улут кылып келе жаткан куралыбыз - бул мамлекттик тилибиз.

Кыргыз тили мамлекттик тил макамын алгандан бери отуз төрт жыл ичинде татаал жана жемиштүү жолду басып өттү.

Мамлекттик тилибиз өз ара түшүнүүнүн, улуттук адабияттын гана эмес, мыйзам чыгаруунун жана мамлекттик башкаруунун тилине айланды.

Кыргыз тилибиздин түбөлүгү түз болсун, тилибиз түптүү элдин уюткулуу улуттун, өнүккөн өлкөнүн мамлекеттик тили катары жогорку деңгээлге көтөрүлөт деп терең ишенем, майрамыбыз кут болсун.

Түйшүктүү эмгек жолуңуздарда ден соолугуңуздар чын болуп, студеттерге жана башка улуттун өкүлдөрүнө мамлекеттик тилди окутуудагы эмгегиниздерди ийгиликтер коштосун. Тилибиздин өркүндөшүнө салым кошо бериңиздер.

Улуттун баа жеткис байлыгы, руханий куралы болгон мамлекеттик тил майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм.

Терең урматым менен И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын мамлекттик тил жана тарбия иштери боюнча проректору Г.И.Жунушалиева