Мамлекеттик туу күнү жана ак калпак күнүнө арналган иш-чара
Университеттин жашоосу 1 6 Март 2023

И.К.Ахунбаев атындагы КММАда Кыргыз республикасынын мамлекеттик туу күнү жана ак калпак күнүнө арналган иш-чара болуп өттү. Базистик жана клиникалык фармакология кафедрасы чет элдик жана педиатрия факультеттеринин кураторлук группалары менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туу күнү жана ак калпак күнү менен куттуктайт! Иш-чара кураторлор тарабынан уюштурулду, кыргыз жана англис тилдеринде өткөрүлдү.

Катышуучулар башында гимнди ырдап, андан сон жергиликтуу студенттер тарабынан даярдалган "Кыргыз мамлекетинин символикалары" жөнундө кызыктуу маалымат тартуулашты. Чет элдик факультетинин студенттери Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнин кыргыз тилинде ырдап беришти. АК калпак кунунун урматына ылайык студенттер Ак калпактын бай тарыхын, баш кийимдин турлорун, жасалуусу, кийүү эрежелери жөнундө эки тилде эн жакшы маалымат беришти. Чет элдик факультетинин студенттери Ак калпакты урматтап- сыйлоо менен Кыргыз тилинде ыр саптарды айтып беришти. Иш- чара студенттер учун кызыктуу өтүп, көптөгон маалыматтарды алгандарын белгилешти. Соңунда активдуу катышуучуларга мактоо баракчалар берилди.