“Мамлекеттүүлүк жана мамлекеттик тил” аттуу макалалар сынагынын баш байгесине КММАнын улук окутуучусу ээ болду
Университеттин жашоосу 3 30 Октябрь 2020

23-сентябрь – “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” КР Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 31 жылдыгына карата КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия тарабынан мамлекеттик тилдин бир айлыгынын алкагында 2020-жылдын 14-сентябрында бекитилген Жобого ылайык “Мамлекеттүүлүк жана мамлекеттик тил” аталышындагы сынак жарыяланган. Сынактын максаты: мамлекеттүүлүктү бекемдөөдөгү мамлекеттик тилдин ролун, маанисин ачып берүү, коомчулукка жеткирүү, , жарандардын атуулдук активдүүлүгүн көтөрүү, мекенчилдик аң-сезимин калыптандыруу.

Баш байгеге «Массалык маалымат каражаттарынын сабаттуулугу» аттуу  макаласы менен  И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын кыргыз тили кафедрасынын улук окутуучусу, кыргыз тил боюнча комиссиясынын мучосу Касымбекова Нурида Жумагуловна ээ болду.

Сынакка 2020-жылдын 15-сентябрынан баштап 2020-жылдын 15-октябрына чейин жалпы 32 макала келип түшуп, ага бардык региондордон мектеп окуучулары, студенттер, орто жана жогорку окуу жайлардын окутуучулары (анын ичинде математик, информатик, географ, тарыхчылар), журналисттер, аспиранттар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер жигердүү катышты.

Келип түшкөн макалалардын арасынан сынактын жобосуна ылайык келген 21 макала тандалып, купуя түрдө ар бир макалага номер коюлуп калыстар тобуна тапшырылды жана актуалдуулугу, жаңычылдыгы, сабаты, оригиналдуулугу, талдоо чеберчилиги критерийлеринин негизинде жеңүүчүлөр 5 баллдык система менен аныкталды.

Женчулөргө сыйлыкты КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев тапшырды.