Мамлекттик тилдин майрамы
Университеттин жашоосу 5 22 Октябрь 2019

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил Мыйзамына 30 жылдык маарекесин майрамдоонун урматына И.К. Ахунбаев атындагы КММАнын Жалпы жана биоорганикалык химия курсу менен биохимия кафедрасынын окутуучулары жана «Дарылоо иши» факультетинин 1- курсунун 1-3(кыргыз)- тайпаларынын студентери тарабынан «Эне тилибизге таазим» аттуу тегерек үстөл болуп өттү. Тегерек үстөлдү кафедранын окутуучусу, химия илимдеринин кандидаты Жылдыз Имакеевна уюштуруп, ага кафедаранын окуутучулары катышты.

Ал эми «Дарылоо иши» факультетин 3-курсунун 1-группасынын кыргыз тайпасынын студенттери тарабынан «Эндокриндик жана репродуктивдик системаларынын функциясынын бузулушундагы биохимиялык өзгөрүүлөр” атуу темага ачык сабак кыргыз тилинде өткөрүлдү. Сабак кафедранын окутуучусу Нуриза Болотовна жетектелди.
Тегерек үстөлгө КММАнын мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы Наралиева Сапаргул , коомдук саламаттык сактоо кафедрасынын доценти Орозалиева Анипа жана кафедранын окутуучулары катышышты. Сабак суроо-жооп, көрсөтмө куралдар, интерактивдүү усулдук көрсөтмөлөр колдонулуп өткүрүлдү. Сабактын клиникалык-диагностикалык маанисин аныктоо үчүн лабораториялык жумуш жасалды. Сабак жогорку деңгээлде өттү.