5-март расмий түрдө улуттук баш кийим, Ак калпак күнү катары белгиленип келет
Университеттин жашоосу 0 6 Март 2024

Ак калпак –  тоолорду жана тазалыкты түшүндүргөн, ата-бабалардын мурасын, улуттук философиясын чагылдырган кыргыз элинин улуттук баш кийими. 2016-жылдан тарта 5-март расмий түрдө улуттук баш кийим, Ак калпак күнү катары белгиленип келет.

И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын Травматология, ортопедия жана экстремалдык хирургия бөлүмүнүн ассистенти К.Шаршенов  жетектеген Дарылоо иши -1 факультетинин 3-курсунун студенттери “Ак калпак” күнүнө карата чакан иш-чара өткөрүшүп, Ак калпак мурасыбыздын өзгөчө маанисин жана баалулугун белгилешти.