Медакадемияда эне тил күнүнө карата иш-чара болуп өттү
Университеттин жашоосу 0 26 Февраль 2024

21-февраль 2024 жылы И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын жыйындар залында Эл аралык эне тил күнүнө арналган иш-чара болуп өттү.

Иш-чараны Медициналык академиянын студенттери менен бирге кыргыз тили, чет жана латын тилдери кафедрасынын кызматкерлери даярдашты.

Студенттер түркүн түстүү номерлерди аткарып, көрүүчүлөрдүн көңүлүн жылытып, маанайын көтөрүштү.

Куттуктоо сөзүн мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректору Жунушалиева Гүлсүнкан сүйлөдү. Проректор ар бир улуттун тарыхы, маданияты, дүйнөнү таанып билүү тилдин жардамы менен ишке ашырылаарын айтып өттү.