Медакадемияда кезектеги тил майрамы өттү
Университеттин жашоосу 2 12 Ноябрь 2019

Жакында И.К. Ахунбаев атындагы КММАнын гистология, цитология жана эмбриология кафедрасында Тил майрамы болуп өттү. Анын жүрүшүндө кафедранын мугалимдери жана студенттер элибиздин каада-салты, улуттук кийимдери тууралуу баяндамаларды жасашты. Ыр-күү угушту.
Иш-чарада аталган кафедранын башчысы Зыфаргүл Мусулманкуловна Айдарбекова сөз сүйлөдү жана анын катышуучуларына ак дилден алкыш айтты.