Медакадемияда кыргыз тили боюнча кече-конкурс уюштурулду
Университеттин жашоосу 6 27 Ноябрь 2019

Жакында И.К. Ахунбаев атындагы КММАнын “Нормалдуу жана топографиялык анатомия” кафедрасында “Манас таануу жана анатомияны мамлекеттик тилде өнүктүрүү” темасы боюнча кече-конкурс өткөрүлдү. Анда 1, 2, 3-курстардын студенттери өзүн тааныштыруу жана саламдашуу, сүйлөө маданияты, анатомиялык терминдердин которуунун ылдамдыгы, аны түшүндүрүү, Калыстар тобу тарабынан берилген иш кагаздарын толтуруу, майрамдык куттуктоо, “Манас” айтуу, кыргыз бийлерин бийлөө жана ырларын ырдоо боюнча күч сынашты. Алардын ичинен мыктылар аныкталды жана алкоо, байгеге ээ болушту.


Кеченин жүрүшүндө кыргыз тилинин медицинада, медициналык жогорку билим берүүдө, иш кагаздарында колдонулушунун абалы талкууланды. Ага Медакадемиянын проректору К. Ырысов, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиянын бөлүм башчысы А.Ишеналиева, Саламаттыкты сактоо министрлигинин илим жана медициналык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Н.Жусупбекова, журналисттер А.Кулматова жана Г.Шакирова, котормочу К.Керимкулов, ЖОЖдун мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы С.Наралиева, доцент Т.Абаева жана башка адистер, мугалимдер катышты.
Белгилей кетчү нерсе, мындай иш-чаралар КММАда байма-бай уюштурулуп турат.