Медакадемияда медициналык терминдер талкууланып жатат
Университеттин жашоосу 6 23 Ноябрь 2020

И.К. Ахунбаев атындагы КММАда ЖОЖдун ректорунун атайын буйругуна ылайык мамлекеттик тилди колдонуу жана өнүктүрүү максатында Тилчилердин курамы түзүлгөн. Жакында аталган курамдын мүчөлөрү өздөрүнүн жыйынына чогулуп, кыргыз тилиндеги медициналык терминдерди тактап, аларды бирдей түргө келтирүү боюнча талкуу өткөрүштү.

Белгилей кетчү нерсе, берегидей жыйындар эми жума сайын уюштурулуп турат.