Медакадемиядагы эскеруу кечеси
Университеттин жашоосу 2 11 Ноябрь 2018

Медакадемиядагы кече

2018-жылдын 6-ноябрында И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында “Өлбөстүк жолундагы өмүр” аттуу тарых жана ата-бабаларды эскерүү кечеси өткөрүлдү.

Кечеде репрессия курмандыктарына арналган даректүү тасма көрсөтүлүп, Т.Айтматов, И.Арабаев, Ж. Абдрахманов, Б.Солтоноев, Б.Исакеев, Ж.Абдрахманов, К.Тыныстановго арналган ырларды 1-курстун студенттери көркөм айтып беришти.

КММАнын ректору, медицина илимдеринин доктору, профессор Кудайбергенова Индира Орозобаевна өз кезегинде Кыргызстанда 7-8-ноябрь –тарых жана урпактарды эскерүү күнү деп жарыялангандыгын, ал эми тарых илимин аркалап келген окумуштуулар алардын ар бир эмгегин тараза ташына салып, тарых барактарына, элдин назарына тартуулап келишүүдө деп өз оюн билдирип өттү.

Андан соң кеченин меймандарына а сөз берилди. Алар: Туңгуч агартуучуларыбыздын бири Ишенаалы Арабаевдин неберелери Нурипа Арабаева жана Майрам Арабаева, И.Арабаев атындагы КМУнун доценти Абдалиева Гүлзада Кошоевна, окутуучу Жумалиева Венера Боронбаевна, Ж.Баласагын атындагы КУУнун Кыргызстандын тарыхы кафедрасынын улук окутуучусу Толобаева Медина Анарбековна, ошондой эле А.Осмонов атындагы сыйлыктын ээси, жаш акын Бердибек Жамгырчиев. Ар бир келген меман өзгөчөлөгөн, так далилдерге негизделген баяндамалары менен катышуучулардын көңүлүн бурушту. 
Кечеде ата-бабаларыбыздын азыркы эгемендүүлүк күнүнө чейин кылган кызматын унутпай, алардын үмүтүн актоо биздин эң негизи максатыбыз. Андыктан урпактарыбызды урматтоо менен жаркын келечекке умтулалы деген тилектер айтылды.