Медакадемиянын өкүлдөрү “Манас” эпосу тууралуу 13 баяндама жасашты
Университеттин жашоосу 6 16 Декабрь 2019

Жакында Кыргызстандын Эл аралык университетинде “Манас” эпосу бүткүл дүйнөлүк маданий мурас” аттуу студенттик илимий-практикалык конференция уюштурулуп, анын жүрүшүндө И.К. Ахунбаев атындагы КММАнын мугалимдери менен студенттери 13 баяндама окушту. Баяндамачыларга сертификаттар тапшырылды.


Белгилеп кетүүчү нерсе, баяндамачыларды иш-чарага катышууга ЖОЖдун кыргыз тили кафедрасы даярдаган.
Баса, аталган кафедранын өкүлдөрү ушул күндөрү Э.Алиев атындагы ИИМ академиясында коррупцияга каршы күрөшүү боюнча өткөн студенттер аралык таймашта жеңишке жетишип, баалуу белектер менен сыйланышты.