Медакадемиянын студенти ЖОЖдор аралык конференцияда биринчи орунду ээледи
Университеттин жашоосу 4 23 Декабрь 2019

Медакадемиянын студенти ЖОЖдор аралык конференцияда биринчи орунду ээледи

Жакында Кыргыз мамлекеттик юридикалык университетинде уюштурлган «Тил жана укук. Социалдык тармактар. Интернеттеги комуникациянын этикалык нормалары» аттуу ЖОЖдор аралык студенттик илимий-практикалык конференцияга И.К. Ахунбаев атындагы КММАдан үч студент (Г. Рысбекова, Н.Кавулбеков, А. Токтобек уулу) катышты. Алардын өз баяндамаларын жогорку деңгээлде окуганы белгиленди.


Ал эми 2-курстун студенти Гүлназик Рысбекова конференциянын жыйынтыгында биринчи орунду ээлеп, биринчи даражадагы диплом менен сыйланды. Анын илимий жетекчиси Медакадемиянын кыргыз тили кафедрасынын окутуучусу Салтанат Домасбековага тастыктама тапшырылды.