Медицина кызматкерлеринин күнү менен!
Университеттин жашоосу 2 2 Июль 2023

Жетекчиликтин жана жеке өзүмдүн атымдан Медициналык академиянын жалпы жамаатын, студенттерди, клиникалык ординаторлорду жана аспиранттарды кесиптик майрамы менен кызуу куттуктайм. Медицина кызматкерлеринин күнү өзгөчө кесиптик майрам болуп саналат. Ар бир кесип дарыгердикиндей ыраазычылыкка татыктуу эмес.

Өмүрүндө медицинага жолукпаган адам жок. Анткени, ар бир адам узак, жигердүү, дени сак жашоону каалайт, ал үчүн ооруну алдын алуу же пайда болгон болсо, аны дарылоо керек. Эл медицина кызматкерлерине эң кымбат нерсе – өмүрүн, ден-соолугун жана жакындарын ишенет, ошодуктан дарыгерлерден заманбап терең билимди, ишке берилгендикти жана адамдык бийик сапаттарды талап кылат.

Айрыкча мугалимдер жамаатынын эмгегин белгилегим келет. Сиздер келечектеги врачтарды даярдоонун башатындасыздар, сиздер педагогикалык, илимий жана медициналык ишмердикти чебер айкалыштыра аласыздар. Келечекте жогорку квалификациялуу дарыгерлерди жана татыктуу инсандарды тарбиялоо үчүн негизги жоопкерчилик сиздерге жүктөлгөн.

Ушул жаркыраган күндө дагы бир жолу баарыңарды кесиптик майрамынар менен куттуктайм жана бардык жакшылыктарды каалайм. Тандаган дарыгердин асыл кесиби эч качан көңүлдү чөгөрбөсүн, сиздерден жардам сурап келгендер айыгып кетсин! Баарыңыздарга узун жана бактылуу өмүр, мээримдүү балдар жана көптөгөн жакшылыктарды каалаймын!

Терен урматтоо менен КММАнын ректору, профессор Индира Кудайбергенова