“Медицинадагы мамлекеттик тил” аттуу иш-чара
Университеттин жашоосу 23 Сентябрь 2024
“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата пропедевтикалык хирургия жана ички оорулар пропедевтикасы менен эндокринология жана профпатология курстары, кафедралары тарабынан “Медицинадагы мамлекеттик тил” аттуу иш-чара уюштурулду.
 
Иш-чара 2 кафедранын студенттеринен түзүлгөн 2 топтун таймашуусу менен өттү. Таймашта мамлекеттик тилдин жана тарых инсандарынын улуулугун таанып, медицинадагы тилдин маанилүү ордун көрсөтүп, күчтүү команда жеңишке жетти.