Окуу жылыдын аякташына арналган майрамдык иш-чара
Университеттин жашоосу 31 Май 2024

2024-жылдын 29-май айында №6 жатаканада окуу жылыдын аякташына арналган майрамдык иш-чара болуп өттү. Бул иш-чарада жатакананын жашоосуна активдүү катышкан студенттерге жана кабаттардын старосталарына грамоталар тапшырылып, концерт уюштурулду.

Иш-чараны комендант Ибраимова А.Т. жана жатакананын кызматкерлери уюштурушуп, студенттик шаарчанын директору Н.Р. Кулданов катышып студенттерди окуу жылдын аякташы менен куттуктап, экзамендерене жана окууларына ийгилик каалашты.