КММАда “Манас” эпосунун күндөрүн белгилөөгө арналган иш-чара өткөрүлдү
Университеттин жашоосу 6 25 Ноябрь 2022

2022-жылдын 24-ноябрында И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын Философия жана коомдук илимдер кафедрасы кыргыз элинин маданий мурасынын эстелиги болгон “Манас” эпосунун күндөрүн белгилөөгө арналган иш-чара өткөрдү. Аны англис тилинде окутулуучу дарылоо иши факультетинин 2-курсунун 17-группасынын студенттери жана медициналык алдын алуу иши факультетинин 1-курсунун 1,2-группасынын студенттери даярдашкан. Чет элдик студенттер медициналык алдын алуу иши факультетинин студенттери менен биргеликте “Манас” эпосунан өзүнчө эпизоддорду айтышып, кыргыздын жалындаган “Кара жорго” жана “Комуз” бийлерин бийлешти. Иш-чарага университеттин мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректору Гүлсүнкан Жунушалиева катышты.