Үй-бүлөлүк медицина ординаторлорунун окуу жайлар аралык конференциясы
Университеттин жашоосу 0 29 Сентябрь 2022

Бүгүн, 2022-жылдын 29-сентябрында Кыргызстандын Медициналык академиясынын имаратында “Үй-бүлөлүк дарыгердин жолу: теориядан практикага” аттуу үй-бүлөлүк медицинанын ординаторлорунун окуу жайлар аралык конференциясы болуп өттү. Конференциянын жүрүшүндө келечектеги жана түптөлгөн адистер чогулуп, үй-бүлөлүк дарыгерлердин ишмердүүлүгүн талкуулашты.

Иш-чараны ачып жатып, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова куттуктоо сөзү менен чыгып сүйлөп, конференциянын ишине ийгилик каалады. Окуу жайдын ректору, профессор Индира Кудайбергенова, академик Абдухалим Раимжанов, КРСУнун медицина факультетинин деканы Анес Зарифьян, дарылоо жана илимий иштер боюнча проректору Ниязбек Маматов, ошондой эле дипломдон кийинки билим берүүнүн үй-бүлөлүк медицина кафедрасынын башчысы, профессор Нурлан Бримкулов ачылыш сөзүн сүйлөштү.

Конференциянын программасына пленардык сессия, талкуулар, видеоконкурс, ординаторлор үчүн викторина жана мастер-класстар кирди.

Белгилей кетсек, иш-чарасынын уюштуруучулары КММА, «Чек арасыз үй-бүлөлүк медицина», «Медициналык билим берүүдөгү демилгелер» бейөкмөт уюмудары болушту.