2025-жыл 12-февраль И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын конференц - залында жогорку окуу жайлар аралык студенттик олимпиаданын биринчи күнү өттү. И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында “Ооруну алдын алуу – ден соолукту сактоонун жолу” деген темада Кыргызстандын ЖОЖдорунун ортосундагы студенттик олимпиаданын биринчи күнү болуп өттү.
Олимпиадага КММА, КОСУ, ЖАМУ, ОшМУ, МУ, ЭАЖММ, Роэль Метрополитен, Адам жана Салымбеков университеттеринин командалары катышууда. Иш-чараны Мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Гүлсүнкан Жунушалиева куттуктоо сөзү менен ачты. Олимпиаданын жүрүшүндө командалар видеопрезентация, командалык оюн – Кахот блиц-турнирин көрсөтүшүп, кырдаалдык маселелерди чечишти. Олимпиаданын экинчи бөлүгү эртең өтөт. Олимпиаданын максаты - студенттердин окуу ишмердүүлүгүнө жана келечектеги адистигине болгон кызыгуусун арттыруу, студенттердин илимий жана чыгармачылык потенциалын көрсөтүүсү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүү. Иш-чараны медакадемиянын жалпы жана клиникалык эпидемиология, жалпы гигиена, гигиеналык дисциплиналар, коомдук саламаттык сактоо , микробиология, вирусология жана иммунология кафедралары уюштурду.