КММАнын ректору КР Саламаттык сактоо министри менен жолугушту
Университеттин жашоосу 0 29 Сентябрь 2022

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова бүгүн И.К.Ахунбаев атындагы КММАда болуп жаткан иш-чарага катышуу менен бирге окуу жайдын ректору, профессор Индира Кудайбергенова менен жолугушту.

Жолугушууга окуу иштери боюнча проректор Кенешбек Ырысов, эл аралык байланыштар жана стратегиялык өнүктөрүү боюнча проректор Гүлмира Жумалиева жан укуктук иштер жана адамдык ресурстар боюнча проректор Темирбек Жуманалиев катышты.

Жолугушуунун акырында Гульнара Маришовнага чакан белектер тапшырылып, ректордун коштоосунда окуу жайдын тарых музейинде болушту.