И.К. Ахунбаев атындагы КММАнын оториноларингология кафедрасында Нооруз майрамы өттү
Университеттин жашоосу 4 23 Март 2022

И.К. Ахунбаев атындагы КММАнын оториноларингология кафедрасында 2022-жылдын 19-мартында Нооруз майрамы достук маанайында өттү.

Салтанатка В.Насыров жетектеген профессордук-мугалимдик курамы, аспиранттар, клиникалык ординаторлор жана студенттер катышты. Профессор В.Насыровдун салтанаттуу сөзүнөн кийин клиникалык ординатор «Алас» ырымын аткарды.

Жаңы күйгөн арчанын жыты жана этникалык обондордун коштоосунда студенттер жана ординаторлор кыргыз, азербайжан жана индия бийлерин бийлешти.

Майрамды «Маш-ботой» деген керемет комуз оюну жана аккордеондун виртуоздук күүлөрү коштоду. Майрамдын аягында бардык катышуучуларга таттуулар жана сүмөлөк тартууланды.