КММАнын Окумуштуулар кеңеши
Университеттин жашоосу 0 26 Май 2023

Бүгүн, 2023-жылдын 26-майында, И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын кезектеги Окумуштуулар кеңешинде салтка ылайык, кеңештин ишинин башында ректор, профессор Индира Кудайбергенова окуу жайдагы жана эл аралык иш-чараларга жигердүү катышып, алдынкы орундарды алган кызматкерлерди, мугалимдерди жана студенттерди белгилеп, аларга ыраазычылк билдирүү менен бирге Ардак грамоталарды жана ыраазычылык каттарды, төш белгилерди тапшырды.

Академик М.Т.Нанаева атындагы негизги жана клиникалык фармакология кафедрасынын башчысы Улангул Тилекееа «Элдик медицина бирикмеси» РПОнун «АВЕ VITAE» ордени менен сыйланды.

«Медицина (педиатрия)» адистиги боюнча “доцент”илимий наамы медицина илимдеринин кандидаты, Т.И.Покровская атындагы балдар ооруларынын пропедевтикасы кафедрасынын башчысына проф. Елена Чернышевага берилд., ошондой эле “медицина илимдеринин кандидаты” илимий даражалары Алтынай Байтелиевага жана Мира Арстанбековага ыйгарылды.

Ошондой эле, жыйындын алкагында олимпиадалардын жана сынактардын жеңүүчүлөрү сыйланышты.