КММАнын Окумуштуулар кеңешинде сыйлоо аземи
Университеттин жашоосу 1 Февраль 2025

2025-жыл  31-январь  И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын жыйындар залында окумуштуулар кеңеши  өттү. Окумуштуулар кеңешинин жыйынында  окуу жайдын башкы бухгалтери  Тиленчиев  Асанбекти 70 жылдык   маарекеси  менен  куттуктады. Куттуктоолорго финансы министри, министрлер кабинети жана КР Эсептөө палатасынын төрагасы кошулду.

 

 

Куттуктоодон кийин медицина илимдеринин жаш окумуштууларын сыйлоо аземи болуп, илимдин мыкты кандидаттары акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Бул күнү медакадемиянын профессордук-окутуучулук курамы жана ректорат эң мыкты студенттерди - эл аралык олимпиадалардын, конкурстардын жеңүүчүлөрүн, илимий баяндамалардын жана изилдөөлөрдүн мелдештеринин лауреаттарын сыйлашты. Салтанаттуу учурдан кийин окумуштуулар кеңеши жыйынды  күн тартибинде  улантты.