“Нооруз” майрамына арналган майрамдык иш-чара
Университеттин жашоосу 20 Март 2025
2025-жылдын 20-мартында  И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын “Жалпы гигиена” кафедрасында “Нооруз” майрамына арналган майрамдык иш-чара болуп өттү. Иш-чарага “Дарылоо иши 1” факультетинин 3-курсунун 1,2,3-тайпасынын студенттери жана кафедранын окутуучулары уюштурушту. 
 
 
Программада майрам тууралуу презентация, видео роликтер жана баяндамалар айтылды. Нооруз жөнүндө ырлар аткарылды. Андан тышкары кыргыздын улуттук кийимин кайсы жашта кандай кийилгендиги жөнүндө соонун көргөзмөсү болуп өттү. Бул иш чара майрамдын алдында баарына жарык маанай тартуулады.
 
Маарекенин  соңунда КГМА нын проректорлору Ырысов Кеңешбек Бакирбаевич, Исмаилбеков Мускай Секенович              жана кафедранын бөлүм башчысы Джорбаева Айна Асановна иш чаранын катышуучуларын жана студенттерди “ Нооруз” майрам менен куттукташты. ‎