А.Мырзабекованын жаркын элесине арналган олимпиаданын ачылышы
Университеттин жашоосу 1 14 Ноябрь 2022

2022-жылдын 14-ноябрында И.К.Ахунбаев атындагы КММАда Адинай Мырзабекованын жаркын элесине арналган олимпиаданын ачылышы болду.

Спорттук жана жеңил атлетика оюндарынын ачылышына Дарылоо иши No1, 2, фармация, МПД, стоматология, педиатрия, англис тилинде окутулуучу дарылоо иши факультеттеринин командалары катышты.

Спорттук иш-чаранын катышуучуларын куттуктоо үчүн ректорат, факультет декандары, окутуучулар, студенттер жана А.Мырзабекованын ата-энелери келишти.

Иш-чаранын ачылыш аземинде окуу жайдын ректору, профессор И.Кудайбергенова сөз сүйлөсө, Спартакиаданы өткөрүүгө салым кошкон ар бирине Адинайдын ата-энелеси, мугалимдери ыраазычылык сөздөрүн айтышты.

Спартакиаданын алкагында мелдешке катышкан командалар көрүүчүлөрдүн алдынан тизилип марш жасашты. Тууну көтөрүү укугу академиянын мыкты спортчуларына берилди.

Спартакиаданын ачылышынын салтка айланган бөлүгүндө чет элдик студенттер музыканын коштоосунда эң сонун бийди көрсөтүштү.

Эске салсак, Адинай Мырзабекова 13-июлда, коронавирус инфекциясы күчөгөн маалда каза болгон. КММАда окуган, ал эми пандемия учурунда Бишкектеги ооруканалардын биринде медайым болуп иштеген.