Питер Каач "Мен кантип илимий иштерди жасай алам" деген темада лекция окуду
Университеттин жашоосу 1 17 Октябрь 2022

2022-жылдын 17-октябрында “Мен кантип илимий иштерди жасай алам” деген темада ачык лекция өткөрүлдү.

Лекцияны Германиядан келген табият илимдеринин жана медицина илимдеринин доктору Питер Каач өткөрдү.

Эксперт Медициналык биометрия, эпидемиология жана информатика институтунда Рак реестринин директору болуп иштеген.

Каач оорулардын реестрин түзүү, эпидемиология, атап айтканда, балдардын рак оорусу, долбоорлорду координациялоо, өзгөчө медицина тармагында көп жылдык жана кеңири тажрыйбага жана билимге ээ.

Лекцияга КММАнын студенттери жана кызматкерлери катышты.

Белгилей кетсек, лекция англис тилинде өттү, бирок бул тоскоол болгон жок.