Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлиги жана УКМКнын башкармалыгы демилгелеген, томолой жетим жана ата-энесинин кароосунан ажыраган балдарды колдоого багытталган иш-чаранын алкагында Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын (КММА) окуу иштери боюнча проректору Кенешбек Ырысов жана мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректору Мускай Исамаилбеков Панфиловдогу К.Тилебалиев атындагы мектеп-интернатка барышты.
Иш-сапардын жүрүшүндө КММАнын өкүлдөрү мектеп-интернаттын тарбиялануучуларынын жашоо жана окуу шарттары менен таанышып, бүтүрүүчүлөр жана мугалимдер менен баарлашышты. Өзгөчө көңүл балдардын кесиптик багытын аныктоого жана келечегин пландаштырууга бурулду.
Мектептин үч бүтүрүүчүсү дарыгерлик кесипти тандап, КММАга тапшырууга ниеттенгенин билдиришти. Академиянын проректорлору жогорку окуу жайга кирүү жол-жоболору, билим берүү программалары жана окуунун келечектеги мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып беришти. Мындан тышкары, КММАнын өкүлдөрү балдардын медициналык адистиктер боюнча суроолоруна жооп берип, кирүү экзамендерине даярданууда колдоо көрсөтө турганын убада кылышты.
Бул жолугушуу балдар үчүн кесиптик багытын аныктоодо жана өз күчүнө ишеним артууда маанилүү этап болуп калды. Андан тышкары, проректорлор мектеп-интернаттын жетекчилиги менен балдарды кошумча колдоого багытталган биргелешкен программаларды ишке ашыруу маселелерин талкуулашты. Алардын ичинде билим берүү семинарлары, психологиялык колдоо боюнча демилгелер бар.
И.К. Ахунбаев атындагы КММА социалдык жоопкерчиликти өнүктүрүү боюнча ишин улантып, жаштардын бардык катмарлары, анын ичинде аялуу топтор үчүн тең укуктуу билим алуу мүмкүнчүлүгүн камсыздоого аракет кылууда. Мындай демилгелер ар бир бала татыктуу келечекке ээ боло турган адилеттүү коомду түзүүгө карай олуттуу кадам болуп саналат.