20-февраль окумуштуу, медицина илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, СССРдин эмгек сиңирген дарыгери, республиканын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, "Манас" орденинин ээси Санжарбек Бакирович Данияровдун туулган күнү. Ал 97 жашка чыкмак.
Ал 1948-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун (азыркы И. К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясын) артыкчылык диплому менен аяктаган. 1962-1971-жылдары дарылоо иши факультетинин деканынын орун басары, окуу-тарбия иштери боюнча проректор болуп иштеген. 1971-1987-жылдары Санжарбек Бакирович И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын ректору кызматында ийгиликтүү эмгектенген. Жогорку квалификациялуу дарыгерлерди, илимий кадрларды, окутуучуларды даярдоодо, ошондой эле ЖОЖдун материалдык-техникалык базасын чыңдоодо эмгеги зор. Медакадемиянын фундаменталдык жана клиникалык физиология кафедрасына анын ысымы берилген. Чогуу иштеген белгилүү окумуштуулар жана таланттуу шакирттери сыймыктануу менен эскеришет