Балдарды реабилитациялоо жана үй-бүлөнү колдоо борборуна жардам көрсөтүү
Университеттин жашоосу 0 26 Январь 2023

2023-жылдын 25-январында И.К. Ахунбаев атындагы КММАнын жалпы жана клиникалык эпидемиология бөлүмүнүн кызматкерлери Бишкектеги Балдарды жана үй-бүлөнү реабилитациялоо борборуна жардам көрсөттү. Борбордун кызматкерлерине балдар үчүн жылуу кийимдер, самын, жуучу каражаттар, памперстер берилди.