Баткен элине жардам!
Университеттин жашоосу 1 21 Сентябрь 2022

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы окуядан жабыркаган Баткен районунун тургундарына жардам көрсөтүү үчүн И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын кызматкерлери бир күндүк эмгек акысынан 1 млн 870 миң сомду бирдиктүү эсепке которуп берди.

Ал эми, бүгүнкү күндө чек арага жакын жайгашкан айылдардан келген 180 адам КММАнын жатаканасы жана кампусуна жайгаштырылып, тамак-аш жана бардык кем каржыларын камсыздоо менен бирге медициналык жардам да көрсөтүүдө.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын тургундары да колдорунан келген жардамдарын берүүдө.

Медициналык академиянын жамааты кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасына куралдуу кол салуудан каза болгондордун жана жабыркагандардын жакындарына көңүл айтат. Жабыркаган мекендештерибиздин тезирээк сакайып кетишин, асманыбыз тынч, элибизге бакубатчылык каалайбыз.