2025-жылдын 11-апрелинде И. К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында чет өлкөлүк студенттерди студенттикке кабыл алуу аземи болуп өттү. Бул маанилүү окуя билим берүү жаатындагы ачыктыкты жана эл аралык кызматташтыкты чагылдырган жаркын символ болду.
Иш-чараны КММАнын ректору Индира Кудайбергенова ачып, өз сөзүндө өлкөлөр ортосундагы билим берүү байланыштарын чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилеп, студенттерге ийгиликтүү окуу каалап, аларды кесибинин татыктуу өкүлдөрү болуп, Кыргызстанды дүйнө коомчулугунда даңазалоого чакырды.
Чет өлкөлүк студенттердин өкүлдөрү да куттуктоо сөздөрүн сүйлөп, меймандостук жана региондун алдыңкы жогорку окуу жайларынын биринде билим алуу мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдиришти.
Майрамдык маанайга дүйнөнүн ар кайсы бурчунан келген студенттердин ата-энелеринин катышуусу өзгөчө атмосфера кошту. Алардын колдоосу жана жылуу сөздөрү үй-бүлөлүк баалуулуктардын жана эл аралык кызматташтыктын келечектеги адистерди тарбиялоодогу маанилүүлүгүн эске салды.
Иш-чаранын соңунда студенттер ар түрдүү маданияттардын салттарын бириктирген концерттик программа менен өз таланттарын көрсөтүштү.
Бул күн студенттердин жашоосунда жаңы этаптын башталышы жана КММАда бирдиктүү билим берүү мейкиндигинде чогулган өлкөлөр ортосундагы достукту чыңдоонун белгиси болду.