Медайымдардын квалификациясын жогорулатуу
Университеттин жашоосу 2 4 Июль 2022

"Жалпы клиникалык компетенттүүлүктү жогорулатуу жана пандемия кырсыктарына жооп берүү үчүн медайымдык ишке көп баскычтуу билим берүү системасын киргизуу” боюнча КММАнын проректору, профессор Гульмира Джумалиева жана профессор Шин Хёк Сук баштаган эки окуу жайдын командалары долбоордун максаттарын жана милдеттерин талкуулоо үчүн тегерек стол үстүндө КРнын Билим берүү жана илим жана КР Саламаттык сактоо министриликтеринин башчылары менен жолугушту.

Айта кетсек, жолугушууга Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу жана КРнын Саламаттык сактоо министринин орун басары Улан Садыков катышты.