Университеттин жашоосу
21 Февраль 2025
Бүгүн, 2025-жылдын 21-февралында И. К. Ахунбаев атындагы КММАнын аялдар жамааты мырзаларды ата мекенди коргоочулар күнү менен чын жүрөктөн куттукташты. Бул майрамдын урматына концерттик программа уюштурулуп, өзгөчөлөнгөн кызматкерлерге Ардак грамоталар тапшырылды.
Урматтуу ата мекенди коргоочулар, Сиздерди Мекенди коргоочулардын күнү менен куттуктайбыз! Сиздерге бекем ден-соолук, үй-бүлөлүк бакыт, бейпилдик жана бардык ишиңиздерге ийгиликтерди каалайбыз.
Фотоаппаратыбыз жакшы иштебей калгандыктан, сүрөттөрдүн сапаты үчүн кечирим сурайбыз.