Университеттин жашоосу
23 Март 2025
И.К. Ахунбаев атындагы КММА оториноларингология кафедрасында 2025-жылдын 20-мартында Нооруз майрамы достук маанайда белгиленди.
Иш-чарага төмөнкүлөр катышты: В.А. Насыров башындагы профессордук-окутуучулар тобу, аспиранттар, клиникалык ординаторлор жана студенттер. Кыргыз жана пакистандык бийлер аткарылды. Майрамдын аягында бардык катышуучуларга таттуулар жана сүмөлөк тартууланды.