Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.Жапаров КММАнын Республикалык диагностикалык борборуна келди
Университеттин жашоосу 1 7 Октябрь 2022

Бүгүн, 2022-жылдын 7-октябрында, Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров КММАнын Республикалык диагностикалык борборуна келди. Министрлер Кабинетинин Төрагасы Саламаттыкты сактоо министри Г.Баатырова, Медициналык академиянын ректору, профессор И.Кудайбергенова, КММАнын башкы дарыгеринин милдетин аткаруучу М.Искаков жана кызматкерлердин коштоосунда имаратты карап чыгып, курулуш-калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө КММАнын ректору аткарылган иштер жана келечектеги пландар боюнча презентация жасады.

Сүйлөшүү учурунда Министрлер Кабинетинин Төрагасы борборду өнүктүрүүгө көмөк көрсөтө тургандыктарын баса белгиледи.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 2022-жылдын 17-февралындагы №191 буйругуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Республикалык диагностикалык борбор И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын балансына окуу, илимий жана клиникалык базасын жайгаштыруу максатында өткөрүлуп берилген.

Бүгүнкү күндө, КММАнын Республикалык диагностикалык борборунун биринчи кабатында, подвал жана башка жайларында оңдоо-калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Борбордун фойеси, актовый залы, рентген кабинеттеринин ремонттук иштери аяктап, травматология кабинеттери ачылганы турат, жашылдандыруу иштери кызуу жүрүүдө.