КММА жана КРСУнун өкүлдөрү угуу жана көрүү мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга тамак-аш пакеттерин тапшырышты
Университеттин жашоосу 1 23 Ноябрь 2022

Үстүбүздөгү жылдын 22-ноябрында Т.И.Покровская атындагы балдардын оорулары пропедевтикасы кафедрасы,  КММАнын жаш педиатрлар комитети Б.Ельцин атындагы КРСУнун педиатрия кафедрасы менен биргеликте Балдардын жана педиатрлардын Бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата кайрымдуулук акциясын өткөрүштү.

Акциянын алкагында Сокулук районунун азиздер жана дүлөйлөр мекемесине жардам көрсөтүлдү: үй-бүлөлөрү турмуштук оор кырдаалга кабылган угуу жана көрүү мүмкүнчүлүгү чектелген 18 балага тамак-аш пакеттери даярдалды.

Баарына тынчтык жана жакшылык болсун!