КММАнын окутуучулары манасчы Дөөлөт Сыдыковдун феноменин изилдеп жатышат
Университеттин жашоосу 4 16 Ноябрь 2020

И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик медициналык академиясынын тийиштүү кафедрасынын окутуучулары кечээ, 2020-жылдын 12-ноябрында 14 сааттан ашуун убакыт ичинде тынымсыз “Манас” эпосун айткан манасчы Дөөлөт Сыдыковдун феноменин медициналык багытта изилдеп жатышат. Алар манасчынын “Манас” айтууга чейинки жана айткандан кийинки абалындагы өзгөрүүлөрдү салыштыруу максатында андан эки жолу кан анализин алышты.

Адистердин айтканына караганда, анализдер атайын лабораторияга жиберилди. Жыйынтыгы жакынкы мезгилде чыгат жана жарыяланат.