КММАнын профессору Россиянын кардиологдор конгрессинде баяндама жасады
Университеттин жашоосу 0 4 Октябрь 2022

2022-жылдын 29-сентябрынан 1-октябрына чейин Татарстандын Казань шаарында болуп өткөн «Кардиологиянын чечилбеген маселелери» аттуу кезектеги Россия кардиологдор конгрессинде И.К.Ахугнбаев атындагы КММАнын Факультеттик терапия кафедрасынын башчысы, профессор Э.Миррахимов «Скринингдин натыйжалары, Кыргызстандагы артериялык гипертензия» деген темада баяндама жасады.

Баяндамада Вольский-Миррахимов атындагы факультеттик терапия кафедрасынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн Бишкек шаарынын калкынын скринингинин жыйынтыгы берилди. Бул илимий иш угуучулардын зор кызыгуусун туудурду.

Белгилей кетсек, Татарстандын борборуна Россия, Беларусь, Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстандын 112 шаарынан 2457 дарыгер келген. Ал эми аралыктан конгресске 5505 катышуучу катышты.