КММАнын профессору “Адам жана тоолор” II Эл аралык илимий-практикалык конференциясында баяндама жасады
Университеттин жашоосу 2 13 Сентябрь 2022

2022-жылдын 6-10-сентябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Тоо физиологиясы жана медицинасы институту жана Эл аралык жогорку медицина мектеби тарабынан уюштурулган “Адам жана тоолор” II Эл аралык илимий-практикалык конференциясы болуп өттү. Форумга Россия, Боливия, Беларусь, Тажикстан, Азербайжан, Өзбекстан, Кыргызстандын окумуштуулары катышты.

Фундаменталдык жана клиникалык физиология кафедрасынын башчысы, медицина илимдеринин доктору, профессор И.Кононец «Адамдын саламаттыгы жагымсыз экологиялык шарттарда» секциясынын модератору болуп, Кыргызстандын ар кайсы аймактарындагы ЖОЖдордо окуган 1 курстун студенттеринин лейкограммалык абалы жана клеткалык иммунитети» деген темада доклад жасады.