Профессор М.Костик Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун дарыгерлери менен биргеликте оорулууларды көрүштү
Университеттин жашоосу 0 27 Октябрь 2022

2022-жылдын 24-октябрынан 25-октябрына чейин Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун Балдар кардиоревматологиясы бөлүмүндө академик Дүйшө Кудаяров атындагы неонатология курсу жана госпиталдык педиатрия бөлүмүнүн кызматкерлери медицина илимдеринин доктору, профессор, Россия Федерациясынын Түндүк-Батыш федералдык округунун Санкт-Петербург шаарынын штаттан тышкаркы балдар ревматологу Михаил Костиктиктин иш сапарын уюштурушту.

   

Балдардын ревматология бөлүмүнүн базасында аталган оорукананын дарыгерлери менен биргеликте ревматологиялык ооруларга чалдыккан бейтаптарды биргелешип кароо жана консультациялоо иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле медициналык жана илимий багыттагы мындан аркы кызматташуу боюнча долбоорлор талкууланды.