Сергек жашоого үгүттөөгө арналган иш-чара
Университеттин жашоосу 0 8 Декабрь 2022

Медициналык биология, генетика жана паразитология кафедрасында сергек жашоого үгүттөөгө арналган иш-чара болуп өттү. Токсикомания, наркомания, чылым чегүү жана алкоголизмдин зыяны жөнүндө маектер өткөрүлдү. Студенттер зыяндуу заттардын адамдын организмине көрсөткөн таасири жөнүндө баяндамаларды даярдашып, болочок ата-энелердин репродуктивдүү ден-соолугунун сакталышына өзгөчө көнүл бөлүштү.