КММАнын кафедраларында окуу жайдын проректору жана юридикалык бөлүмү жолугушууларды өткөрдү
Университеттин жашоосу 2 27 Март 2023

Үстүбүздөгү жылдын 23-мартында И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында укук иштери жана кадр иштери боюнча проректору Темирбек Жуманалиев окуу жайдын юридикалык бөлүмү менен биргеликте Онкология, Фтизиатрия, Балдар оорууларынын пропедевтикасы, 1 Акушерлик жана гинекология, Медициналык психология, Психиатрия жана наркология кафедраларында жолугушууларды өткөрдү.

 

Жолугушуу Медициналык академиянын ректору, профессор Индира Кудайбергенованын 2023-жылдын 28-февралындагы «И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын профессордук-окутуучулук курамынын арасында профилактикалык баарлашууну өткөрүү жөнүндө» №76 буйругун аткаруунун алкагында уюштурулду.

Белгилей кетсек, жолугушуулардын графигине ылайык, окуу жайдын 60 кафедрасында жолугушуу пландалууда.