КММАда «Сармерден» кароо-сынагы болуп өттү
Университеттин жашоосу 3 13 Октябрь 2022

Кечээ, 2022-жылдын 11 –октябрында И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын жыйындар залында К.Үсөнбеков атындагы аскерий институттун курсантттары жана Медакадемиянын кыздары арасында кыз-жигит «Сармерден» кароо-сынагы болуп өттү.

"Кыз-жигит" сармерден – кыргыз элинин көөнөргүс салттарынын бири болгон.

Сармерден айтышуу жалындаган таланттардын жандуу үнү менен аткарылган ыр-күү, бий, макал-лакап, табышмак, жаңылмач көрүүчуүлөрдүн жарпын жазып, көӊүлүн көтөрүп абалкы салтты азыркы күндө жандандырган бирден бир жогорку денгээлде өткөрүлгөн сынак болду.

Иш-чараны окуу жайдын ректору Индира Кудайбергенова ачып, куттуктоо сөзүн айтты. Калыстар тобу катары КР ЖК кыргыз тили жана лингвистика бөлүмүнүн башчысы Азимжан Ибраимов, Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, мамлекттик тил боюнча комиссиянын маалымат катчысы Кутмырза Жакыбалиев, актер, теле алып баруучу, Чыңгыз Айтматов жана Жолдубай Кайыпов атындагы эл аралык сыйлыктардын лауреаты Нурдөөлөт Копоев чакырылып, эки окуу жайдын окутуучулары жана студенттери катышышты.

Сынакта эки тайпа бирдей упай алып, достук женди десек болот, иш-чаранын аягында катышуучуларга жана уюштуруучаларга: КММАнын кыргыз тили кафедрасына жана аскерий институтуна алкыш айтылып, ыраазычылык каттар тапшырылды.