Госпиталдык терапия кафедрасы жана гематология курсу
Университеттин жашоосу 0 5 Март 2024

“Кичинекей сагыз – чоң экологиялык көйгөй” айлыгына байланыштуу госпиталдык терапия кафедрасы жана гематология курсунун окутуучулары (Мусакеев А.О., Тагаева Б.Т., Атабаева Д.Н., Макишева А.Р., Абдуллаева А.М., Джаныбекова С.А., Арстанбекова М.А.) дарылоо иши факультетинин жана англис тилинде окутулуучу дарылоо иши факультетинин студенттери менен студенттердин экологиялык маданиятын жогорулатуу боюнча иш чараларды өткөрүштү. Иш чараларынын жүрүшүндө экологияга аяр мамиле жүргүзүү керектиги белгиленди жана батареялар туура утилизация кылуучу “твой заряд” станцияларында калтырылды, окуу бөлмөлөрүндө жана ооруканалардын территорияларында тазалоо иш чаралары жүргүзүлдү.