Бишкек ШИИББнын кызматкерлери КММАнын чет элдик студенттерине профилактикалык лекция өткөрүштү
Университеттин жашоосу 0 15 Март 2024

2024-жылдын 13-мартында Бишкек ШИИББнын Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кылмыштуулуктун алдын алуу максатында И.Ахунбаев атындагы КММАда профилактикалык лекция өткөрүлдү. Лекцияга 1-5-курска чейин 500 адамды түзгөн чет өлкөлүк студенттер катышты.

Бүгүнкү күндө чет өлкөлүк студенттер жарым күндүк жумуш катары чабарман же айдоочу болуп иштөөнү тандашат. Акыркы убакта телефондук алдамчылык фактылары тез-тез болуп жаткандыктан, кол салгандар кылмыш жасоонун жаңы жолдорун издеп жатышат.

Ар кандай такси кызматтарында чабарман болуп иштеген студенттер билбестен кылмышка шериктеш болуп калышат. Кол салгандар өздөрү байкалбай калуу үчүн жеткирүү кызматтарын колдонушат.

Буга байланыштуу Бишкек ШИИББ студенттерге эскертет; жарандар жашаган жери боюнча чабарман атын жамынып барып, алдоонун таасири менен берген акчасын алуу менен сиздер Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеге (Алдамчылык) ылайык кылмышка экинчи даражадагы ролуна карабастан шериктештер катары жоопко тартыласыздар. Ал эми далилдердин жыйындысы болсо, «чабармандын» аракети уюшкан топко кошулуу катары каралышы мүмкүн, бул жоопкерчиликти күчөтөт.