КММАнын кызматкерлери жана ординаторлору карылар үйүндө көздүн ички басымын акысыз өлчөө жүргүзүштү
Университеттин жашоосу 0 9 Март 2023

Кечээ күнү КММАнын И.К.Ахунбаев атындагы көз оорулары кафедрасынын ассистенттери Чакиева Айжан, Байкүчүкова Аида, Боромбаева Жаркын клиникалык ординаторлор менен бирге карылар үйүндө, 62 орто мектепте жана бала бакчада болушту.

 

Алар Бүткүл дүйнөлүк глаукома күнүнө карата глаукоманы эрте диагностикалоо үчүн көздүн ички басымын акысыз өлчөө жүргүзүштү. Жалпысынан 300дөн ашык адам текшерүүдөн өткөн.