“Үмүт үйүнүн” жашоочуларын кубанта турган кооз розалар
Университеттин жашоосу 25 Апрель 2024

Бишкек шаарын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча эки айлыктын алкагында 2024-жылдын 19-апрелинде жугуштуу оорулар кафедрасынын кызматкерлери жана клиникалык ординаторлор менен биргеликте улгайган жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн жалпы шаардык социалдык стационардык мекеменин аймагына роза бадалдары отургузулду. Жакынкы жылдарда “Үмүт үйүнүн”  жашоочуларын жана конокторун кубанта турган кооз розаларга айланып, шаарыбызды кооздоп турат. Ѳзгѳчѳ жайдын ыссык күндѳрүндѳ, чон ата, апалар үчүн салкын аба тартуулап, эс алууга мүмкүнчүлүк жаралат