КММАнын кафедра кызматкерлери "Kemik Eklem 2022” IV Конгрессине катышты
Университеттин жашоосу 1 4 Октябрь 2022

2022-жылдын 28-сентябрынан 1-октябрына чейин Кипрдеги «Гирне Элексус» мейманканасынын конференц-борборунда төртүнчү "Kemik Eklem 2022" конгресси болуп өттү.

Конгреске И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын травматология, ортопедия жана экстремалдык хирургия кафедрасынын кызматкерлери - кафедра башчысы, м.и.д, профессор, КР Улуттук илимдер академиясынын жана Россия илимдер академиясынын аккадемиги С.А. Жумабеков, кафедранын окуу иштери боюнча башчысы Н.А.Атакулов, КММИПиПК С.Б.Данияров атындагы травматология, ортопедия жана кырсыктар медицинасы кафедрасынын башчысы м.и.д., профессор Б.С.Анаркулов, кафедранын доценти А.М.Ташматов чакырылган.

Конгресс Түркиянын, Босния жана Герцеговинанын, Азербайжандын, Казакстандын, Кыргызстандын, Өзбекстандын, Түркмөнстандын, Тажикстандын, ошондой эле Борбор Азиянын жана Балкандын башка түрк өлкөлөрүнүн тажрыйбалуу ортопеддери үчүн аянтча болуп калды, анда алар травматология, эндопростетика, артроскопия, спорттук жаракаттар, кол хирургиясы, ортопедиялык онкология, регенеративдик медицина, омуртка ортопедиясы жана балдар ортопедиясы жана медициналык практикада көп жылдар бою алган тажрыйба жана билим алмашуу болду.

        

Белгилей кетсек, иш-чара Түркиянын травматологдор, ортопеддер ассоциациясы тарабынан уюштурулган.