КММАнын окутуучулары жана студенттери «Аиданек» жашы жете элек балдарды реинтеграциялоо борборуна кайрымдуулук жардамы уюштурушту
Университеттин жашоосу 0 3 Январь 2023

2022-жылдын 24-декабрында И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын Фармакогнозия жана дары каражаттарынын химиясынын кафедрасынын улук куратору Мураталиева А.Д., тайпалардын кураторлору жана Фармация факультетинин студенттери менен бирге Учкун кичи микрорайонундагы Б.Сатыбалдиев 97 жайгашкан балдар үйүнө кайрымдуулук жардамы уюштурулду.

Ошондой эле, балдар үйүнө материалдык жардам көрсөтүшүп, балдарга жаңы жылдык белектерди тапшырып, оюндар, кызыктуу сынактар жана майрамдык концерт тартуулашты.