КММнын кызматкерлери И.Раззаковдун үй музейина жана улуттук тарых музейине барышты
Университеттин жашоосу 3 23 Май 2022

2022-жылдын 20-майында КММАнын  мамлекеттик тилди ѳнүктүрүү секторунун иш планына ылайык түзүмдүк бѳлүмдѳрдѳн  40 кызматкер жана мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Гүлсүнкан Жунушалиева баш болуп,   И.Раззаковдун  үй-музейине жана улуттук тарых музейине барышты. Маданий нарк, эне тил менен уланмалуу санжыра ѳзѳгүнѳн жан дүйнѳсүн азыктандырып, руханий дѳѳлѳттѳрүн эске алышты.

Иш-чаранын жүрүшүндѳ  ар бир кызматкердин  эстетикалык  сезимдери жанданып, улуттук баалуулуктарга  кѳз карашы  ѳзгѳрдү. Байыркы кыргыздан тараган ата-баба, урпактарыбыз, айкѳл, кѳрѳгѳч, сарамжал, баатыр, тайманбаган  калк болгондугуна дагы бир ирет сыймыктана ынанып,   бул максаттуу сапарды уюштурган  МТϴ  секторуна ѳзгѳчѳ ыраазычылыгын билдиришти.