Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын ишке ашыруу боюнча КММАнын Ректордук кеңеши
Университеттин жашоосу 0 23 Ноябрь 2022

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын ишке ашыруу боюнча КММАнын Ректордук кеңеши

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандагы беш университетке, анын ичинде И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына “Өзгөчө статус” ыйгарды.

Берилген академиялык эркиндикке жана Медициналык академиянын өнүгүү перспективаларына байланыштуу кечээ, 2022-жылдын 23-ноябрында ректор, профессор И.Кудайбергенова жетектеген Ректорат кеңеши пландарды жана жаңычылдыктарды ошондой эле киргизилип жаткан инновациялар жөнүндө, тиешелүү жергиликтүү ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана КММАнын QS EECA (Европа+Борбордук Азия) эл аралык рейтингинин ТОП 500үнө кирүү үчүн жогорку билим берүүнү трансформациялоо жөнүндө талкуу болду.

Эл аралык байланыштар жана стратегиялык өнүктүрүү боюнча проректору Г.Жумалиева Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-июнундагы №243 «Билим берүү мекемелеринин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу боюнча Жол картасын Советтин мучөлөрүнө таанныштырды.